ru
/
en
/
ky
Жаңылыктар
БУУнун "Соодага көмөктөшүү"долбоорунун алкагында балды экспорттогон балчылар үчүн окуу болуп өттү.
БУУнун "Соодага көмөктөшүү"долбоорунун алкагында балды экспорттогон балчылар үчүн окуу болуп өттү. TES- борборунун Бишкектеги кеңсесинде бал продукциясын кайра иштетүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн тренинг болуп өттү. "Дары-Тянь-Шань", "Шень-Жень - Новый шелковый путь", "Бал Кинг", "Нур-Бал" ЖЧК, Жеке ишкер Галиев – тышкы рынокторго чыгуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Беш фермердик чарба гранттык колдоо алышты.
Беш фермердик чарба гранттык колдоо алышты. TES- окутуу жана кеңеш берүү борбору USAIDдин «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен биргеликте сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сүт секторун өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда дыйкандар күнү эң активдүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бир аянтта чогултту!
Ысык-Көл облусунун Түп районунда дыйкандар күнү эң активдүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бир аянтта чогултту! "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу "долбоорунун алкагында фермерлер жаңы технологияларды өздөштүрүштү жана өз продукциясынын сапатын жакшыртышты. Фермерлер өткөрүлгөн тренингдин баалуулугун белгилешти жана долбоорго, тренерлерге жана кеңешчилерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Эл аралык айыл аялдары күнү
15-октябрда биз Эл аралык айыл аялдары күнүн белгилеп, алардын туруктуу өнүгүүгө жана азык-түлүк коопсуздугуна кошкон салымын баса белгилейбиз. Жылдан-жылга балчылык менен алектенген айымдардын саны кобойуудо. Бул жерде аялдар өзгөрүүлөрдүн лидерлери жана гендердик теңчиликтин символдору болууда.
KGFRAS АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КЕЗЕКТЕГИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ БОЛУП ӨТТҮ
Айыл чарба консультациялык кызматтарынын Кыргызстандагы форуму» (KGFRAS) 2020-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 30 уюм мүчө болуп катталган. Жыл сайын уюмдун мүчөлөрү жолугуп, аткарылган иштер, алдыдагы пландар жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлердин көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүүсүнө айыл чарбасын ылайыкташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу иш чарасы өткөрүлүп келет.
Улуттук тегерек стол!
“TES-борбору” коомдук фонду жана БУУнун өнүктүрүү программасынын “Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган “Табигый балдын кошумча нарк чынжырчасын бекемдөө” компонентин ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 7-октябрь күнү Бишкек шаарында “Балдын сапатын жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасында балдын экспорттук потенциалын жогорулатуу” темасында улуттук тегерек стол уюштурулган.
"Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элиталык сортторун өстүрүү тажрыйбасы" боюнча талаа күнү
024-жылдын 22-август күнү Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында "Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элита сортторун өстүрүү тажрыйбасы" темасында талаа күнү болуп өттү. Долбоордун алкагында үрөндүк картошка өндүрүүдө жеке көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу" болуп саналат.
Үрөндүк картошка талааны текшерүү боюнча Нидерланды эксперттин миссиясы
2024 -жылдын 16-19-июлуна чейин "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда картошканын үрөндүк талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперттин миссиясы болуп өттү. Иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык-окуу уюштурулду.