ru
/
en
/
ky
  Маданият айылында лоток орнотуу иштери аяктады
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл аймагынын Маданият айылында сугат арыгына 744 метр лоток орнотуу иштери толук аяктады. Анын ачылыш аземине жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары жана коноктор катышты.

Натыйжада мурда 36 гектар жер сугарылса, эми кошумча 12 гектар жерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, жалпы 48 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылуу шарттары жакшырды.

Бул демилге сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жергиликтүү жамааттын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Ошондой эле аялдардын климаттык демилгелердеги ролун күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Иштер БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана тынчтык үчүн күрөштүн алдыңкы сабында» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Суу — береке булагы! Сугат мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү тургундардын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөт.