Тренингдин максаты — катышуучулардын PICSA методологиясы боюнча билимдерин жаңылоо, климаттык маалыматтарды жана болжолдорду айыл чарбасын пландаштырууда натыйжалуу колдонуу көндүмдөрүн бекемдөө.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар:
- PICSA методологиясынын 12 кадамы менен таанышып, негизги принциптерин кайталап чыгышты;
- ресурстардын карталарын жана сезондук календарларды түзүүнү үйрөнүштү;
- тарыхый климаттык маалыматтарды, графиктерди жана ыктымалдуулуктарды колдонуу маселелерин талкуулашты;
- климаттык болжолдордун негизинде пландарды тууралоонун жана чечим кабыл алуунун жолдорун карап чыгышты;
- PICSA инструменттерин практикалык колдонуу боюнча тажрыйба алмашышты.
Тренинг Улуу Британиянын Рединг университетинин, Кыргызгидрометтин, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) жана KGFRAS өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
PICSA — климаттык маалыматка негизделген чечимдерди кабыл алууга жана фермерлердин климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган ыкма.