ru
/
en
/
ky
  Ноокатта Талаа күнү өттү
2026-жылдын 24-июнунда Ош облусунун Ноокат районундагы Улуу-Тоо массивинде TES-борбору тарабынан «Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо» долбоорунун алкагында Талаа күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар долбоордун максаты жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан айыл чарба ыкмалары жана Түз себүү (No-Till) технологиясынын артыкчылыктары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле сыноодон өтүп жаткан жаңы сорттор көрсөтүлүп, алардын өзгөчөлүктөрү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Талаа күнү фермерлердин, адистердин жана өнөктөштөрдүн тажрыйба алмашуусуна, ошондой эле заманбап айыл чарба технологияларын жайылтууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.