ru
/
en
/
ky
  Чоң-Алайда элиталык үрөн картошка боюнча Талаа күнү ийгиликтүү өттү
2026-жылдын 5-августунда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы айылында элиталык үрөн картошкасын бийик тоолуу шартта өстүрүүгө арналган Талаа күнү ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чара «TES-борбору» коомдук фонду жана «Жар-Башы» айыл чарба кооперативи тарабынан уюштурулуп, ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, айыл чарба адистери, фермерлер, өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдар, каржы институттары жана үрөн өндүрүүчүлөр катышты.

Талаа күнүнүн негизги максаты – Чоң-Алай районунун бийик тоолуу шартында элиталык үрөн картошкасын өндүрүүнүн практикалык тажрыйбасын көрсөтүү, үрөн материалынын сапатын камсыздоо түзүмү менен тааныштыруу жана картошка үрөнчүлүгүн өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү болду. 

Иш-чаранын алкагында катышуучулар S, SE жана E категориясындагы үрөн картошкасын өстүрүүнүн заманбап технологиялары менен жеринен таанышып, үрөндүн сапатын камсыздоо боюнча колдонулуп жаткан ыкмалар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле үрөнчүлүк үчүн тандалган «Камелия» жана «Коломбо»сортторунун өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары сунушталды. 

 Мындан тышкары, «Жар-Башы» айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү, үрөн картошкасын өндүрүү жана рынокко чыгаруу механизми, ошондой эле жашыл экономиканын принциптерин колдонуу боюнча презентация өткөрүлдү. Катышуучуларга жергиликтүү жана импорттук элиталык үрөн картошкасын өндүрүүнүн экономикалык салыштырма анализинин жыйынтыктары дагы сунушталып, тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Практикалык бөлүктө коноктор кооперативдин кеңсеси, үрөн картошкасын калибрлөөчү жабдуулар жана заманбап айыл чарба техникалары менен таанышып, өндүрүш процесси боюнча адистер менен пикир алышты.

Талаа күнү фермерлер, илимий адистер, мамлекеттик мекемелер, каржы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана элиталык үрөн картошка өндүрүшүн мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.

Иш-чаранын соңунда уюштуруучулар бардык катышуучуларга, өнөктөштөргө жана колдоо көрсөткөн мекемелерге ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда сапаттуу үрөнчүлүктү өнүктүрүү багытындагы кызматташтык мындан ары да уланарына ишеним билдиришти.