ru
/
en
/
ky
  TES борбору Арал айылында талаа күнүн өткөрдү
TES-борбору тарабынан Ноокат районунун Арал айылында климаттын өзгөрүү шартында сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча талаа күнү өткөрүлдү

TES борбору тарабынан Ноокат районунун Арал айылында “Климаттын өзгөрүү шартында сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу аркылуу жашылча өстүрүүнү өнүктүрүү” темасында талаа күнү уюштурулду.

Иш-чара “Кошумча нарк чынжырчаларын агро каржылоо” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Европа Биримдиги, Европа Инвестициялык Банкы (EIB) жана Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) тарабынан каржыланып, TES-борбору жана айыл чарба кооперативи тарабынан ишке ашырылууда.

Долбоор GOPA AFC германдык консалтинг компаниясы тарабынан жергиликтүү GOPA-CAICo консалтинг компаниясы менен консорциумда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылып келет.

Долбоордун алкагында 2020-жылдан бери фермерлерге комплекстүү колдоо көрсөтүлүп, жыл сайын 2000–3000 тонна эрте бышуучу пияз өндүрүлүүдө.

Талаа күнүнүн жүрүшүндө катышуучулар сууну үнөмдөөчү технологиялар менен таанышып, жашылча өстүрүүдөгү заманбап ыкмалар тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле фермерлер өздөрүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүп, климаттын өзгөрүшү шартында туруктуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындай иш-чаралар айыл чарбасында инновациялык ыкмаларды жайылтууга, сууну натыйжалуу пайдаланууга жана фермерлердин тажрыйбасын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.