Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бири-бири менен таанышып, кесиптик тажрыйбалары жана ишмердүүлүгү тууралуу пикир алмашышты. Ошондой эле командалык спорттук мелдештер, KGFRAS тармагы тууралуу квиз жана маалыматтык сессиялар уюштурулду.
Спорттук мелдештердин жыйынтыгында TES-борборунун командасы футбол жана волейбол боюнча 1-орунду ээледи. Бул жетишкендик команданын биримдигин, өз ара колдоосун жана жогорку командалык духун көрсөттү.
Маалыматтык сессиялардын алкагында коммерциялык эмес уюмдар үчүн фандрайзингдеги жаңы тенденциялар, ошондой эле Кыргызстандагы айыл чарба тармагында донорлорго сунуштоого боло турган санариптик инновациялар талкууланды. Катышуучулар актуалдуу темалар боюнча пикир алмашып, практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
TES-борбору үчүн бул жолугушуу өнөктөш уюмдар менен байланыштарды чыңдоого, жаңы идеяларды талкуулоого жана келечектеги биргелешкен демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө маанилүү аянтча болду.
Мындай тармактык жолугушуулар жарандык коом уюмдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана коомдук мааниге ээ биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.