ru
/
en
/
ky
  Араван районунда жаңы картошка үрөндөрү боюнча талаа күнү өткөрүлдү
2026-жылдын 4-майында Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айыл аймагынын Коколопаш айылында TES-борбору тарабынан «Араван районунун шартында жаңы картошка үрөндөрүн демонстрациялоо» темасында талаа күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактын шартында сыноодон өткөрүлүп жаткан картошканын жаңы үрөндөрүнүн агротехникалык өзгөчөлүктөрү тууралуу фермерлерге кеңири маалымат берүү жана заманбап агротехнологияларды жайылтуу болуп саналат.

Талаа күнү фермер Содиков Хуршидбектин талаасында уюштурулуп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Араван райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин адистери жана аймактагы фермерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үчүн бир нече тематикалык станциялар уюштурулуп, анда:

  • картошканын жаңы үрөндөрү жана алардын агротехнологиялык өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү;
  • үрөндөрдүн салыштырмалуу экономикалык анализи сунушталды;
  • фермерлерди сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу чынжырчасы тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, катышуучулар суроо-жооп форматында өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул сыяктуу иш-чаралар фермерлердин билим деңгээлин жогорулатууга, инновациялык ыкмаларды киргизүүгө жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.