ru
/
en
/
ky
  Буудайдын жогорку түшүм берүүчү сорттору көрсөтүлдү
Кара-Суу районунун Калинин айылындагы Сорт сыноо станциясында жаңы сортторду жана гибриддерди дыйкандар арасында жайылтууга арналган Талаа күнү ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – жергиликтүү шарттарда сыноодон өтүп, райондоштурулган жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашкан айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун өндүрүшкө кеңири жайылтуу болду.

Талаа күнүнө фермерлер, айыл чарба адистери, тармак өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышып, сыноо аянттарындагы жаңы сорттор жана гибриддер менен жеринен таанышышты. Ошондой эле жогорку түшүм берүүчү, кургакчылыкка чыдамдуу жана өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташкан өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышты.

Көргөзмөнүн алкагында төмөнкү айыл чарба өсүмдүктөрү сунушталды:

  • Буудай – 38 сорт;
  • Арпа – 13 сорт;
  •  Жүгөрү – 44 гибрид;
  • Пахта – 16 сорт;
  • Топуракты сыноо үчүн – 9 түрдүү арпа жана 51 түрдүү буудай сорту.

Катышуучулар тажрыйба аянттарын кыдырып, адистер менен пикир алмашып, суроо-жооп форматындагы талкууларга активдүү катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жаңы сорттордун агротехникалык өзгөчөлүктөрү, түшүмдүүлүгү жана жергиликтүү шарттарга ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири түшүндүрмөлөр берилди.

Мындай Талаа күндөрү заманбап агротехнологияларды жайылтууга, илим менен өндүрүштүн байланышын бекемдөөгө жана фермерлерди сапаттуу үрөн материалдары менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.