ru
/
en
/
ky
  Эрте бышуучу калемпир cыноодон өткөрүлдү
2026-жылдын 17-июнунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Акбата айылында «Бүргөндү» товардык-сервистик айыл чарба кооперативи тарабынан Талаа күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эрте бышуучу калемпирдин ар түрдүү гибриддери көрсөтүлүп, алардын талаа шартындагы сыноо жыйынтыктары менен катышуучулар таанышты. Ошондой эле гибриддердин түшүмдүүлүгү, сапаттык көрсөткүчтөрү жана экономикалык натыйжалуулугу боюнча маалыматтар берилди.

Фермерлер жана айыл чарба адистери демонстрациялык аянттарды көрүп, калемпир өстүрүүнүн заманбап ыкмалары боюнча пикир алышты.

Жаңы технологияларды жана жогорку түшүм берүүчү гибриддерди жайылтуу — айыл чарбаны өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири.