ru
/
en
/
ky
  Германиянын элчиси No-Till технологиясы менен таанышты
15-май күнү Германия Өкмөтү тарабынан каржыланган долбоорлор менен таанышуу сапарынын алкагында Германиянын элчиси айым Моника Лейнхард Ош облусуна барды. Анда элчи айым “нөлдүк жер иштетүү” (No-Till) технологиясын жайылтууга жана сугатсыз дыйканчылык шартында туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор менен таанышты.

Ноокат районунда дыйкандар No-Till технологиясын колдонуудагы жыйынтыктарын көрсөтүп, сугатсыз аймактарда салттуу айдоо ыкмасы менен болгон айырмачылыктарды практикалык түрдө тааныштырышты.

Жерди нөлдүк иштетүү технологиясы төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:
кургакчылык шартында топурактагы нымды сактоо;
өндүрүштүн туруктуулугун жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуу;
топурактын түзүмүн жана асылдуулугун жакшыртуу;
айлана-чөйрөгө болгон эмиссияны жана CO₂ бөлүнүп чыгуусун азайтуу.

No-Till технологиясын жайылтуу моделине интеграцияланган “Айыл чарбасындагы бирдиктүү терезе” ыкмасынын алкагында элчи айым дыйкандарды колдоо механизмдери менен дагы таанышты. Аларга консультациялык кызматтар, механизация, өндүрүш каражаттарына жеткиликтүүлүк (товардык насыя) жана зарыл маалыматтарды берүү кирет.

Бул долбоордун фазасы 2023–2025-жылдары “ТЕС-борбору” коомдук фонду тарабынан Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit уюмунун “Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

Эске салсак, GIZ Кыргызстанда жерди нөлдүк иштетүү технологиясын жайылтуу жана өнүктүрүүнү 2016-жылдан бери колдоп келет.