ru
/
en
/
ky
  TES-борбору мыкты инновациялык идеяларды аныктады
TES-жамаатынын арасында инновациялык чечимдерди сунуштоо боюнча сынак өткөрүлүп, 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ага ылайык, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн I-орунду Боруев Бахтияр ээлеп, 87 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду. II-орунду Камалов Расул багындырып, 52 000 сом өлчөмүндөгү сыйлыкка татыды. Ал эми III-орунду Энназарова Эльвира ээлеп, 35 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болду.

Эскерте кетсек, мындай сынак 2025-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Сынактын максаты – дыйкандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган жаңы идеяларды сунуштап, аларды кеңири жайылтуу.