Маданият айылында сугат жерлердин аянты кеңейди!
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айыл аймагынын Маданият айылында арыкка 744 метр лоток орнотулду.
Натыйжада мурда 36 гектар жер сугарылса, азыр кошумча 12 гектар жер өздөштүрүлүп, жалпы 48 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул демилге климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун жогорулатуу жана аялдардын климаттык демилгелердеги ролун күчөтүүгө багытталган.
Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү Программасынын «Фергана өрөөнүнүн аялдары климаттын өзгөрүшү, адаптация жана тынчтык үчүн күрөштүн алдыңкы сабында» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.