ru
/
en
/
ky
  Нидерландиядан келген эксперттин иш сапары
2024 жылдын 16-19-июль күндөү "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда үрөндүк картошканын талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперт иш сапарында болду. Аталган иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык окуу өткөрүү болду. Окутуунун катышуучуларынын арасында КР Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин райондогу бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
2024 жылдын 16-19-июль күндөү "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда үрөндүк картошканын талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперт иш сапарында болду. Аталган иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык окуу өткөрүү болду. Окутуунун катышуучуларынын арасында КР Айыл чарба министрлигинин айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин райондогу бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Өзбекстан Республикасынын жашылча-жемиш өсүмдүктөрү жана картошка боюнча илимий-изилдөө институтунун эксперттери катышты. Алгачкы жолугушууда долбоордун алкагында биргелешкен иштин пландары жана күтүлгөн натыйжалары талкууланды. Эл аралык эксперттер менен кызматташуу жана алдыңкы тажрыйбаны колдонуу Кыргыз Республикасында үрөндүк материалдын ийгиликтүү экспорттук потенциалы үчүн сапатты контролдоо жана сертификациялоо системасын түзүүгө жардам берет. "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоор Европа Биримдиги жана Европа инвестициялык банкы тарабынан каржыланат.