ru
/
en
/
ky
  Кара-Сууда жаңы картошка үрөндөрүн демонстрациялоо
10-июнь күнү Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында фермер Мирзажанов Изатиллонун талаасында «Кара-Суу районунун шартында жаңы картошка үрөндөрүн демонстрациялоо» темасында Талаа күнү ийгиликтүү өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар жаңы картошка үрөндөрүнүн агротехникалык өзгөчөлүктөрү, аларды өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана акыркы 2 жыл ичинде алынган практикалык жыйынтыктар менен таанышышты.

Иш-чаранын алкагында:
- “Алтын өрөөнү” (Золото Долины) айыл чарба кооперативинин иштөө схемасы жана үрөн менен камсыздоо чынжырчасы тааныштырылды;
- Жаңы сорттордун агрономиялык жана экономикалык артыкчылыктары боюнча маалыматтар берилди;
- Демонстрацияланган үрөндөрдүн салыштырмалуу экономикалык анализи сунушталды;
- Катышуучулар суроолоруна жооп алып, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Талаа күнүнө катышкан бардык фермерлерге, адистерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен аракеттер аркылуу өлкөбүздүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошо берели!