ru
/
en
/
ky
БИЗДИН КЫЗМАТТАР
Биз 25-жылдык практикалык тажрыйбага негизделген окутуу жана кеңеш берүү кызматтарды жана иштеп чыккан эң мыкты практикалык көндүмдөрдү ошол эле аймакта жана Кыргызстандын башка аймактарында иштеп жаткан өнөктөштөрүбүз менен биргеликте төмөнкү багыттар боюнча кызматтарды сунуштайбыз:
Өсүмдүк жана мал чарбасы боюнча консультациялык кызматтар
Өсүмдүк жана мал чарбасы боюнча консультациялык кызматтар (айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал чарбачылыгын жакшыртылган практикалык технологиясы боюнча окутуу жана кеңеш берүү программасы)
Кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча окутуу жана кеңеш берүү
Кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча окутуу жана кеңеш берүү (негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү боюнча окутуу жана кеңеш берүү)
Өсүмдүктөрдү комплекстүү, биологиялык коргоо ыкмалары
Өсүмдүктөрдү комплекстүү, биологиялык коргоо ыкмалары (айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден айлана-чөйрөгө минималдуу таасир тийгизүү аркылуу өсүмдүктөрдү коргоо программаларын иштеп чыгуу.) Зыянкечтерге каршы күрөшүү үчүн өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык ыкмаларын бири тирүү организмдерди колдонуу кирет. Бул ыкма айыл чарбага туруктуу көмөктөшүүчү натыйжалуу жана экологиялык таза чечим.
Чоңдорду окутуу жана эффективдүү баарлашуу
Чоңдорду окутуу жана эффективдүү баарлашуу (эффективдүү баарлашуу, чоңдорду окутуу жана кеңеш берүү ыкмалары)
Ревальверный фондду каржылоо жана башкаруу
Ревальверный фондду каржылоо жана башкаруу (биздин өнөктөш Агрокредит Плюс MKA долбоорго катышкан фермерлерге финансылык кызматтарды көрсөтөт. Азыркы учурда жеңилдетилген кредиттер (жылына 8-14%) берилип, ислам принциптерине ылайык каржылоо өндүрүш каражаттарын (үрөндөрдү, жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын), айыл чарба техникаларын жана жабдууларды (Улуттук банктын сертификатынын негизинде).
Өндүрүш каражаттары менен камсыздоо
Өндүрүш каражаттары менен камсыздоо (Биздин өнөктөшүбүз «Агро Сейф» ЖЧКсы долбоорго катышкан фермерлерди жана кооперативдердин мүчөлөрүн өндүрүш каражаттары (үрөндөр, жер семирткичтер жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.
ШПАК (практикалык айыл чарба бизнес кеңешчиси даярдоо окуусу)
ШПАК (практикалык айыл чарба бизнес кеңешчиси даярдоо окуусу) Айыл чарба консультанттарын даярдоого багытталган окууда зарыл маалыматтык жана кеңеш берүү кызматтарды көрсөтүү аркылуу айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат. Агробизнес боюнча консультант чечимдерин кабыл алуу, инновацияларды киргизүү аркылуу айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда фермерлерге жардам берет.
Эксперимент жана демонстрациялар
Эксперимент жана демонстрациялар (эксперименттерди өткөрүү, сортторду жана гибриддерди сыноо, ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнө коргоо каражаттарын сыноо, демонстрациялык талааларды түзүү жана талаа күндөрүн өткөрүү)
Уюмдарды уюштуруу/институционалдык өнүктүрүү
Уюмдарды уюштуруу/институционалдык өнүктүрүү (уюштуруучулук/институционалдык өнүктүрүү жана уюмдардын (фермердик топтордун жана ассоциациялардын, кооперативдердин, СПАлардын, агробизнес ишканаларынын) потенциалын жогорулатуу, менеджмент, бухгалтердик эсеп түзүү жана жүргүзүү боюнча окутуп үйрөтүү.
Бизнес тренингдерди өткөрүү
Бизнес тренингдерди өткөрүү (бизнес тренингдерди өткөрүү жана агробизнестеги актерлор үчүн бизнес тууралуу кеңеш берүү)
Изилдөө
Изилдөө (Негизги, орто, сандык (экспресс сурамжылоолор, анкеталар жана интервьюлар) жана сапаттык (кабинеттик изилдөө, фокус-топтук жана тереңдетилген) изилдөөлөрдү жүргүзүү. Фермаларды башкаруу жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү/ жаныбарларды багуудагы экономикалык эффективдүүлүктү талдоо боюнча кеңештерди берүү.
Азык-түлүк коопсуздугунун стандарттары боюнча тренинг
Азык-түлүк коопсуздугунун стандарттары боюнча тренинг (Окутуу, машыктыруу, ички аудит жана Global GAP/НАССР сертификациясына алууга жана ишке ашырууга даярдоо)
АГРО ЭКСПО
«Окутуу жана кеңеш берүү системасы» (TES-борбору) коомдук фонду эки жылдан бери «Агро Экспо» ири айыл чарба жарманкесин ийгиликтүү өткөрүп жатат.
Көргөзмөнүн негизги максаты - өндүрүштүк материалдарды (үрөндөрдү, жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын), көчөттөрдү, айыл чарба техникаларын, жабдууларды, мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн продукцияны жана башка ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды камсыздоочуларды тараптарды, фермер-өндүрүүчүлөрдү жана кооперативдерди бир жерге чогултуу болуп саналат.
Биз менен байланыш
Ош
Жумуш убактысы
08:30-17:30
жайгашкан жери
TES-борбору Ош
Почта
tes@tes-centre.org
Бишкек
Жумуш убактысы
08:30-17:30
жайгашкан жери
TES-борбору Бишкек
Почта
tesnorth@tes-centre.org