Эл аралык айыл аялдары күнү
15-октябрда биз Эл аралык айыл аялдары күнүн белгилеп, алардын туруктуу өнүгүүгө жана азык-түлүк коопсуздугуна кошкон салымын баса белгилейбиз. Жылдан-жылга балчылык менен алектенген айымдардын саны кобойуудо. Бул жерде аялдар өзгөрүүлөрдүн лидерлери жана гендердик теңчиликтин символдору болууда.

ПРООНдун «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында аарычылыкта аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүлуп жатат. Алдыдагы эки жылда Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында 100 жакын жумуш орундарын түзүү пландалууда, алардын жарымы аялдарга арналган!
Аарыны асыроо буга чейин «эркектердин иши» катары кабыл алынып келген, бирок азыр ал аялдарды ийгиликтүү ишкерлерге айлантып, өз продукциясын чет өлкөлөргө экспорттоого шыктандырып жатат.
Аял балчылар үй-бүлөлөрүн бекемдөө менен гана чектелбестен, табиятты коргоого жана өз коомдорунун өнүгүшүнө да салым кошуп жатышат.
Биз биргеликте далилдеп жатабыз: бардык адамдар үчүн тең мүмкүнчүлүктөр бар болгондо туруктуу келечекке жетүүгө болот.
Бул аптада биз айым балчылардын кызыктуу окуялары менен бөлүшөбүз.