TES борбору кандай кызмат аткарат?
TES борбору дыйкандарга өзүнүн кеп-кеңешин берип, теориялык, практикалык окууларды өтүп турат. Ал эми "Агрокредит Плюс" микрокредиттик агенттиги аларга Ислам принциптеринин негизинде жеңилдетилген насыя берип келүүдө.
Ага мисал, окутуу жана кеңеш берүү системасы (TES борбору) 2 жылдан бери тыгыз кызматташып келген Ош облусунун, Кара-Суу районундагы, Ала-Тоо айыл аймагына караштуу Жаңы Барак айылында "Барак" айыл чарба кооперативин айтсак болот. Кооперативдин 70ГА айдоо жери бар. Былтыр дыйкандар жакшы түшүм алганын белгилеп, быйыл да кызматташуусун улантып жатышат.