ru
/
en
/
ky
  “АГРО ЭКСПО–2026” - айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү маанилүү аянтча
““АГРО ЭКСПО–2026” эл аралык агрардык көргөзмө-жарманкеси - айыл чарбадагы жаңы технологиялар, инвестициялык чечимдер жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген маанилүү аянчта болуп саналат.”

““АГРО ЭКСПО–2026 эл аралык агрардык көргөзмө-жарманкеси - айыл чарбадагы жаңы технологиялар, инвестициялык чечимдер жана рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн берген маанилүү аянчта болуп саналат.” Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков көргөзмөнүн ачылышында билдирди. Ал мындай форумдарда сөздөн ишке өтүп, дыйкан-фермерлерге түшүнүктүү жана пайдалуу чечимдерди кабыл алуу керектигин белгиледи. “Өлкөбүз үчүн айыл чарба экономикага гана эмес, социалдык туруктуулуктун да өзөгү. Ошондуктан мамлекеттин негизги милдети – дыйкан-фермерлерге шарт түзүү, сугат суу, сапаттуу үрөндөр, техникалык жана финансылык каражаттар менен жеткиликтүү камсыздоо,” – деп кошумчалады министр. Эрлист Акунбеков, “Биздин максат – өлкөнүн айыл чарбасы күчтүү болсо, Кыргызстан күчтүү болот,” - деп жыйынтыктады.

Ал эми, форумда сөзгө чыккан Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, “АГРО ЭКСПО–2026 көргөзмө-жарманкеси - фермерлер үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштөрдү түзүүгө жана инвестиция тартууга ыңгайлуу жана натыйжалуу аянтча экенин айтты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, “АГРО ЭКСПО–2026 жөн гана көргөзмө эмес, өлкөбүздүн айыл чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү, заманбап технологияларды жайылтуу жана аймактар аралык соода байланыштарын чыңдоо экенин баса белгиледи.  

Эскерте кетсек, Ош шаарында 5-6-март күндөрү өткөн жарманкеге Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай мамлекетинен келген айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышты.

Жарманкенин максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды, климатка ыңгайлашкан технологияларды жана заманбап өндүрүш чечимдерин жайылтуу, фермерлер менен камсыздоочулар ортосунда кызматташууну бекемдөө жана агрардык бизнести өнүктүрүү.