Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды, климатка ыңгайлашкан технологияларды жана заманбап өндүрүш чечимдерин жайылтуу, фермерлер менен камсыздоочулар ортосунда кызматташууну бекемдөө жана агрардык бизнести өнүктүрүү.
Көргөзмө алкагында төмөнкү багыттар сунушталды:
- айыл чарба техникалары жана жаңы агротехнологиялар
- сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр
- көчөт тандоо жана отургузуу боюнча мастер-класстар
- тамчылатып сугаруу жана санарип суу платформалары
- жашыл энергия жана заманбап жылытуу системалары
- айыл чарбасын каржылоо мүмкүнчүлүктөрү
Мындан тышкары, катышуучулар үчүн адистердин мастер-класстары, лотереялар, белектер, ошондой эле жандуу музыка жана шоу-программа уюштурулду.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү, «TES борбору» коомдук фонду жана Соода-өнөр жай палатасы.
«TES-борбору» жөнүндө:
«TES-борбору» коомдук фонду 1999-жылдан бери иштейт жана 27 жылдык тажрыйбага ээ. Уюм дыйкандардын кирешесин жогорулатуу, аларды окутуу, кеңеш берүү менен алектенет. Фонддун адистери 400дөн ашык долбоорлорду ишке ашырып, жыл сайын 3000ге жакын дыйкандарга кеңеш берүү кызматын көрсөтөт.