ru
/
en
/
ky
  Жаңы сорттор рекорддук түшүмдүүлүктү көрсөттү!
Кара-Суу районунда эрте бышуучу картошка өстүргөн дыйкандар үчүн чоң жаңылык! "Үрөндүк картошканын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сыноого коюлган жаңы эки — "Камелия" жана "Коломба" сортторунун жыйынтыгы чыкты.

Жаңы сорттор рекорддук түшүмдүүлүктү көрсөттү!

Кара-Суу районунда эрте бышуучу картошка өстүргөн дыйкандар үчүн чоң жаңылык!
"Үрөндүк картошканын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сыноого коюлган жаңы эки — "Камелия" жана "Коломба" сортторунун жыйынтыгы чыкты.

Кара-Суу району эрте бышуучу жашылчаларды өндүрүүгө эң ыңгайлуу аймак болгондуктан, биздин максат – дыйкандарды сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылуу аркылуу түшүмдүүлүктү жана кирешени кескин жогорулатуу. Ушул максатта, сыноо жүргүзүлүп, атайын методиканын негизинде жыйноо иштери аяктады.

Дыйкандар бул күнгө чейин эгип келген "Ривьера" сортунун орточо түшүмдүүлүгү 1 гектардан 36 тоннаны түзгөн. Ал эми жаңы сыноого коюлган сорттор төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү берди:
1️⃣ "Камелия": орточо түшүмдүүлүгү 1 гектардан 50 тонна;
2️⃣ "Коломба": орточо түшүмдүүлүгү 1 гектардан 58 тонна.

Бул жыйынтыктар "Ривьера" сортуна салыштырмалуу бир топ жогору экенин көрсөтүп, дыйкандарга жаңы, кирешелүү сортторду сунуштоого толук негиз берет. Жаңы сорттордун жогорку түшүмдүүлүгү дыйкандардын эмгегин актап, кирешесин арттырууга чоң өбөлгө болот.
Биз өзгөрүү үчүн окутабыз!