

Араванда эрте жашылча өстүргөн дыйкандар менен биргеликте келечектеги иштер талкууланды!
23-май күнү Араван районунда эрте жашылча 🌱 өстүргөн дыйкандар менен маанилүү жолугушуу болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — дыйкандардын жетишкендиктери менен жеринен таанышып, учурдагы ийгиликтерин баалоо жана келечекке карата пландарын чогуу талкуулоо болду.
📉 Жолугушуунун жүрүшүндө дыйкандарды кооперативге биригип, биргеликте ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча кеңири сүйлөшүүлөр болду. Кооперация дыйкандарга ресурстарды бириктирип, өндүрүмдүүлүктү арттырууга жана рыноктогу ордун бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүктөр берет.
🌱 Көйгөйлөрдү чечүү жана өнүгүү жолдору.
Бул сезондогу негизги көйгөйлөр (логистикалык борбор куруу, жаңы уруктарды сыноо, жашылчаны эрте өндүрүүдө атаандаштыкка туруштук берүү, Өзбекстанга тажрыйба алмашуу уюштуруу) талкууланып, аларды чечүү жолдору аныкталды. Кийинки сезондо бул көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү көмөк көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындай колдоо дыйкандарга туруктуу өнүгүүгө жана кирешелерин көбөйтүүгө шарт түзөт.
Жолугушуу абдан жемиштүү өтүп, дыйкандардын күнөсканалары, жашылча эккен талаалары, колдонуп жаткан жаңы технологиялары жана сатыкка даяр болуп калган жашылчалары менен таанышып кайттык. Бул жолугушуу дыйкандардын келечектеги ишмердүүлүгү үчүн жаңы багыттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү ачат.