ru
/
en
/
ky
  Кыргызстанда биринчи жолу супер-супер элита категориясындагы үрөндүк картошка отургузулду
2025-жылдын 5-6-май күндөрү Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн маанилүү окуя болду. Чоң-Алай районундагы ири долбоордун алкагында картошканын элиталык үрөнчүлүгүн өнүктүрүүдө жаңы баракты ачкан бир катар негизги иш-чаралар болуп өттү. Негизги окуя эл аралык эксперттин катышуусу менен ишке ашкан супер супер элита категориясындагы үрөндүк картошканы отургузуу өлкөнүн тарыхында биринчи көргөзмө болду.

Кыргызстанда биринчи жолу супер-супер элита категориясындагы үрөндүк картошка отургузулду

2025-жылдын 5-6-май күндөрү Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн маанилүү окуя болду. Чоң-Алай районундагы ири долбоордун алкагында картошканын элиталык үрөнчүлүгүн өнүктүрүүдө жаңы баракты ачкан бир катар негизги иш-чаралар болуп өттү. Негизги окуя эл аралык эксперттин катышуусу менен ишке ашкан супер супер элита категориясындагы үрөндүк картошканы отургузуу өлкөнүн тарыхында биринчи көргөзмө болду.

5-майда күнү кыргыз жериндеги Голландиянын тажрыйбасы Чоң – Алай району Голландиядан келген үрөндүк картошка боюнча эксперт Симон Сюттер менен жолугушту. Анын сапары райондук администрация менен жолугушуу менен башталды, анда долбоордун учурдагы жана келечектеги демилгелери талкууланды. Жергиликтүү бийлик бул маанилүү долбоорду колдоого толук даярдыгын билдирди. Андан ары эксперттик топ жергиликтүү картошка сактоочу жайга барды. Симон Сюттер супер-супер элита категориясындагы үрөндөрдү кылдат текшерип, сактоо шарттарын жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берди. Ал эң жакшы натыйжаларга жетүү үчүн заманбап сактагыч кандай параметрлерге жооп бериши керектигин баса белгиледи. Биринчи күн дыйкандар үчүн теориялык тренинг менен аяктады, анда үрөндүк картошканы отургузуунун алдыңкы технологиялары жана үрөн сактоодо вирустук оорулар менен күрөшүү ыкмалары талкууланды. Катышуучулар жогорку кызыгуу көрсөтүштү, суроолорду активдүү беришти жана алынган маалыматтын практикалык баалуулугун белгилешти.

6-май күнү теориядан практикага – келечектеги түшүмдүн пайдубалын түптөө максатында фермер Абраимов Афтандилдин талаасында негизги окуя-"Коломба" (Супер-супер элита) сортунун үрөнүн демонстрациялык отургузуу болду. Иш-чарага райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү фермерлер, кооперативдердин мүчөлөрү жана долбоордук команда катышты. Нидерландиялык Эксперт үрөндүк картошканы отургузуу процессин жеке көзөмөлдөп, катышуучуларга бардык технологиялык аспектилер боюнча кеңеш берди. Демонстрациядан кийин Симон Сюттер өз байкоолору менен бөлүшүп, Чоң-Алай аймагында үрөндүк картошка өстүрүү боюнча жеке сунуштарын берген кызуу талкуу болду. Фермерлер эл аралык экспертке түздөн-түз суроолорун берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргызстан жана Борбор Азия үчүн мааниси Супер-супер элита категориясындагы бул үрөн себүү Кыргызстан үчүн болуп көрбөгөндөй окуя болду. Эл аралык эксперттерди тартуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү элиталык үрөнчүлүктү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бул Чоң-Алай районунун фермерлери үчүн жаңы перспективаларды гана ачпастан, түшүмдүүлүктү жогорулатуу, продукциянын сапатын жакшыртуу бүтүндөй өлкөнүн гана эмес бүтүндөй Борбордук Азиянын азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө үчүн бекем пайдубал түптөйт.

TES-борбору айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө жана фермерлерибиздин кирешелерин жогорулатууга өбөлгө түзүп, бул маанилүү өзгөрүүлөрдүн башында турганы менен сыймыктанат.

Биз өзгөрүү үчүн окутабыз!