

2025-жылдын 14-май күнү Ноокен районунун Арал айылында "TES-борбору" Коомдук Фонду "Арал Элим" АЧКасы менен биргеликте талаа күнүн уюштурду. Талаа күнүн темасы "Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу эрте пияздын кошумча нарк чынжырчасын (КНЧысын) күчөтүү" болду.
Иш-чарага фермер-өндүрүүчүлөр, кооперативдин өнөктөштөрү, фермерлер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана РУАРдын өкүлдөрү чогулду. Талаа күнүнүн негизги максаты фитосанитардык тобокелдиктерди азайтууга багытталган климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен эрте пиязды өстүрүүдө алдыңкы технологияларын көрсөтүү болду. Катышуучулар эрте пиязды өстүрүүнүн заманбап агротехнологиясы менен таанышышты.
Жандуу талкуу өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташуу жана түшүмдүүлүктү төмөндөткөн факторлорду азайтуу маселелеринин тегерегинде болду. Катышуучулар күчтөрдү бириктирүү жана заманбап билимди жана технологияны колдонуу биздин аймакта эрте пияздын кошумча нарк чынжырын туруктуу өнүктүрүүнүн ачкычы экенине ынанышты.
"Кошумча нарк чынжырчаларын Агрофинансылоо "долбоору Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана коргоо уюму тарабынан каржыланат.