БИЗДИН МИССИЯБЫЗ
«Окутуу жана кеңеш берүү системасы» (TES-борбору) коомдук фонду айыл чарба багытында кеңеш берүү кызматтарды көрсөтүүчү алдыңкы борборлордун бири болуп саналат. Биз комплекстүү кызматтарды (окутуу, өндүрүш каражаттар менен камсыз кылуу, каржылоо, маркетинг) көрсөтүү жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу фермерлердин, фермердик уюмдардын жана айыл чарба ишканаларынын кирешелерин көбөйтүүгө көмөк көрсөтөбүз. Негизги багыттарыбыз - кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүү, изилдөөлөрдү жүргүзүү, институционалдык өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугу жана жашыл экономика үчүн чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
БИЗДИН КОМАНДА
TES-борбору бул айыл чарба тармагында адистешкен, алдыңкы кеңеш берүүчү уюм. Биздин жамаат айыл чарба тармагында 25-жылдан ашык тажрыйбасы бар, жогорку квалификациялуу агрономдордон, мал чарбасы боюнча адистерден, экономисттерден турат. Айыл чарба, экономика, тамак-аш технологиясы, тамак-аш коопсуздугу, менеджмент жана финансы боюнча кесипкөй консультанттардын жана эксперттердин тобу уюмдун өзөгүн түзөт. Биз дыйкандарга өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана айыл чарбасына туруктуу өнүктүрүүгө, инновациялык жана жергиликтүү ыңгайлаштырылган ыкмаларды кабыл алууга жардам берүүгө умтулабыз.
БИЗДИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮБҮЗ
TES-борборунун кеңселери Ош жана Бишкек шаарларында бар. Ош кеңсеси Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарын, Бишкек кеңсеси Кыргызстандын түндүгүндөгү Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын тейлейт. Уюмдун негизин тажрыйбалуу, кесипкөй, айыл чарба, экономика, тамак-аш коопсуздугу, менеджмент жана финансы чөйрөсүндө 25-жылдан ашык тажрыйбага ээ адистер жана эксперттер түзөт. TES-борбору өлкөнүн 7 дубанында иш алып барат, жер-жерлерде талаа структурасы бар. TES-борбору сапаттуу билим базасына ээ жана бул компаниянын күчтүү жактарынын бири болуп саналат, өз кардарларын натыйжалуу колдоп, аларга баалуу билимдерди берип, айыл чарбасында ийгиликке жетүү үчүн негизделген чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.
Брошюралар жана колдонмолор
Брошюралар жана колдонмолор: Биз айыл чарбасы боюнча пайдалуу маалыматтарды жана кеңештерди брошюралар жана колдонмолор түрүндө маалыматтык материалдарды беребиз.
Видео сабактар
TES-борбору айыл чарбасы боюнча видеосабактарды сунуштайт– санариптештирүү жана фермерлердин басымдуу бөлүгүнө маалыматты жеткирүү үчүн видеосабактарды тартуу аркылуу кеңеш берүү методологиясын өркүндөтүү. Өсүмдүктөрдүн/жаныбарлардын өсүп-өнүгүүсүндө кыйынчылык жараткан этабтарды кыска видеосабак кылып даярдап социалдык тармактар аркылуу дыйкандарга жайылтуу жана айыл чарба процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатуу.
Видео 1
Айыл чарба боюнча модулдар
(Биз айыл чарбасы боюнча комплекстүү чечимдерди жана сунуштарды берүүдө кардардын талаптарына ылайык кеңири спектрдеги модулдарды иштеп чыгабыз)
Биз менен байланыш
Ош
Жумуш убактысы
08:30-17:30
<iframe src="https://www.google.com/maps/embed?pb=!1m17!1m12!1m3!1d3033.7848483303146!2d72.82162797601525!3d40.50214047142604!2m3!1f0!2f0!3f0!3m2!1i1024!2i768!4f13.1!3m2!1m1!2zNDDCsDMwJzA3LjciTiA3MsKwNDknMjcuMSJF!5e0!3m2!1sru!2skg!4v1737365863530!5m2!1sru!2skg" width="600" height="450" style="border:0;" allowfullscreen="" loading="lazy" referrerpolicy="no-referrer-when-downgrade"></iframe>
жайгашкан жери
TES-борбору Ош
Почта
tes@tes-centre.org
Бишкек
Жумуш убактысы
08:30-17:30
<iframe src="https://www.google.com/maps/embed?pb=!1m17!1m12!1m3!1d2924.085301736468!2d74.60545087613585!3d42.87104367115!2m3!1f0!2f0!3f0!3m2!1i1024!2i768!4f13.1!3m2!1m1!2zNDLCsDUyJzE1LjgiTiA3NMKwMzYnMjguOSJF!5e0!3m2!1sru!2skg!4v1737365912654!5m2!1sru!2skg" width="600" height="450" style="border:0;" allowfullscreen="" loading="lazy" referrerpolicy="no-referrer-when-downgrade"></iframe>
жайгашкан жери
TES-борбору Бишкек
Почта
tesnorth@tes-centre.org