ru
/
en
/
ky
  KGFRAS АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КЕЗЕКТЕГИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ БОЛУП ӨТТҮ
Айыл чарба консультациялык кызматтарынын Кыргызстандагы форуму» (KGFRAS) 2020-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 30 уюм мүчө болуп катталган. Жыл сайын уюмдун мүчөлөрү жолугуп, аткарылган иштер, алдыдагы пландар жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлердин көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүүсүнө айыл чарбасын ылайыкташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу иш чарасы өткөрүлүп келет.

KGFRAS АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КЕЗЕКТЕГИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ БОЛУП ӨТТҮ 🔰«Айыл чарба консультациялык кызматтарынын Кыргызстандагы форуму» (KGFRAS) 2020-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 30 уюм мүчө болуп катталган. 🔰Жыл сайын уюмдун мүчөлөрү жолугуп, аткарылган иштер, алдыдагы пландар жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлердин көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүүсүнө айыл чарбасын ылайыкташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу иш чарасы өткөрүлүп келет. 🔰Бул жылы, 2024-жылдын 12-13-сентябрь күндөрү АВЕП коомдук фонду тарабынан уюштурулган тажырыйба алмашуу иш чарасы Ысык-Көлдө өткөрүлдү. ❗Иш чаранын биринчи күнү Кыргызстандын айыл чарбасында актуалдуу болгон темалар: Климаттын өзгөрүүсү, айыл-чарбасындагы цифровизация жана уюмдун келечектеги өнүгүүсү сыяктуу маселелер талкууланды. ❗Экинчи күнү уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук мелдештер уюштурулду. Мырзалар, кыз-келиндер арасында волейбол командалары жана футбол боюнча “40 жаштан жогоркулар” жана жаштар командалары ат салышып, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Жеңишке жетишкен командалар жана активдүү оюнчулар сыйланышты. Жыйынтыгында салтка айланып калган эстафета ЦОКИ командасына өткөрүлүп берилди. Кыргызстанский Форум сельскохозяйственных консультационных служб