ru
/
en
/
ky
  Жалал-Абад облусунун дыйкандары үчүн чоң жаңылык 6000 баш мал жасал ма жол менен уруктандырылат!
2025-жылдын 10-июнунан 19-июнуна чейин Жалал-Абад облусунун аймагында "Туруктуу агрокластерлерди өнүктүрүү" долбоорунун алкагында сүт багытындагы бодо малды жасалма уруктандыруу (ЖУ) боюнча маанилүү маалыматтык жолугушуулар болуп өттү.

Бул масштабдуу долбоор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Финансы министрлиги жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.

Бул жолугуш ветеринария тармагынын негизги адистерин, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын (РУАР) жана ветеринардык башкармалыктардын башчыларын, жеке ветеринарларды, уруктандыруучу-техниктерди, айыл өкмөттөрүнүн ветеринардык адистерин, ошондой эле жеке фермердик чарбалардын өкүлдөрүн бир аянчада чогултту.

ЦКАнын кызматкерлери жана TES-борборунун адистери долбоордун максаттары жана сүт, мөмө-жемиш секторлорунун өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Жана, албетте, сүт багынытндагы мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жасалма уруктандыруунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоордун алкагында Жалал-Абад облусунда 6 000 уй жана кунаажындарды жасалма уруктандыруу пландалууда. Бул үчүн Швейцариядан алынып келинген, баалуу Швиц, Симменталь жана Голштейн породаларындагы букалардын уруктары колдонулат.

Бул эмнени билдирет?

  • Генетика жакшырат: Малыңыздын породалык сапаты кескин жогорулайт.

  • Сүт көбөйөт: Сүт багытындагы малдын сүт өндүрүмдүүлүгү жогорулап, сапаты да жакшырат.

  • Кирешеңиз өсөт: Натыйжада, сиздин чарбаңыздын кирешеси жогорулап, фермердик ишиңиз туруктуу жана кирешелүү болот!

Бул — Жалал-Абаддын дыйкандары үчүн мал чарбасын өнүктүрүүдөгү олуттуу жана кирешелүү кадам! Ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!