ru
/
en
/
ky
  Араван районунда эрте бышкан картошка сатыкка чыкты!
“Араван Агросервис” айыл чарба кооперативи биринчилерден болуп эрте бышкан картошкасын сатыкка чыгарды! Жагымдуу аба ырайынын натыйжасында түшүмдүүлүк өткөн жылга караганда алда канча жогору. Базардагы баасы да көңүл кубантат, баштапкы дүң баа 70 сом болсо, бүгүнкү күндө 60 сомдон сатылып жатат. Эң мыкты, 1-сорттогу картошкабыз коңшулаш Россия жана Казакстанга экспорттолууда! Бул биздин дыйкандардын сапаттуу эмгегинин жана кооперативдин ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн далили. “Араван Агросервис” ко

Араван районунда эрте бышкан картошка сатыкка чыкты!

“Араван Агросервис” айыл чарба кооперативи биринчилерден болуп эрте бышкан картошкасын сатыкка чыгарды! Жагымдуу аба ырайынын натыйжасында түшүмдүүлүк өткөн жылга караганда алда канча жогору. Базардагы баасы да көңүл кубантат, баштапкы дүң баа 70 сом болсо, бүгүнкү күндө 60 сомдон сатылып жатат.

Эң мыкты, 1-сорттогу картошкабыз коңшулаш Россия жана Казакстанга экспорттолууда! Бул биздин дыйкандардын сапаттуу эмгегинин жана кооперативдин ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн далили.

“Араван Агросервис” кооперативи өз мүчөлөрүнө үрөн тандоодон баштап, түшүмдү сатууга чейинки бардык процессте комплекстүү колдоо көрсөтүп келет. Мунун артында TES-окутуу жана кеңеш берүү борборунун зор салымы бар.

Мындан тышкары, сатуу мезгилинде жергиликтүү тургундар, өзгөчө аялдар жумуш орундары менен камсыз болуп, райондун экономикасына маанилүү салым кошулууда.

Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү - өлкөбүздүн агрардык секторунун өсүшүнүн маанилүү фактору. Араван Агросервис АЧКсы мунун жаркын мисалы!