

Жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачкан 5 күндүк окуу аяктады! 🐝🍯
2025-жылдын 1-5-май күндөрү Ош шаарында БУУӨПтүн колдоосу менен TES-борбору балчылар үчүн 5 күндүк окуу уюштурду.
"Эне аары чыгаруу" боюнча өткөрүлгөн теориялык жана практикалык окуу Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынан келген балчылардын башын бириктирди.
Бул окуунун алкагында катышуучулар эне аары чыгаруунун бардык сырларын практика жүзүндө өздөштүрүп, бал чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө багыт алышты. Ар бир кадам, ар бир ыкма кылдаттык менен үйрөтүлүп, балчылар өздөрүнүн келечектеги ийгиликтери үчүн баалуу тажрыйбага ээ болушту.
🎯 Бул уникалдуу мүмкүнчүлүк БУУӨПтүн "Соодага көмөктөшүү" долбоорунун алкагында каржыланып, TES-борбору тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды. Долбоордун максаты - жергиликтүү балчылардын потенциалын жогорулатуу жана өндүрүлгөн бал продукциясын экспорттоого салым кошуу.