

Чоң-Алай районунда элиталык үрөн өстүрүүдөгү жаңы деңгээл!
2025-жылдын 5-6-май күндөрү Чоң-Алай районунда Кыргызстандын агросектору үчүн маанилүү окуя болду: Голландиядан келген алдыңкы эксперт Симон Схюттер өлкөдө элиталык картошканын үрөнүн өстүрүүнү жакшыртуу максатында иш сапарында болду. Бул визит Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат.
Иш сапар райондук администрация менен жолугушуудан башталды, анда администрация долбоордун демилгелерин толук колдоого даярдыгын билдирди.
Эксперт менен билим жана тажрыйба алмашуу:
Иш сапардын жүрүшүндө бир нече маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү:
- Үрөндү туура сактоо шарттары: Симон Схюттер "Супер-супер элита" категориясындагы үрөндөрдү дыкат текшерип, алардын абалын баалоо жүргүздү. Ал үрөндөрдү сактоо шарттарын жакшыртуу боюнча баалуу сунуштарды берип, заманбап картошка кампаларынын негизги талаптарын белгилеп өттү.
- Теориялык окутуу: Фермерлер үчүн үрөндөрдү сактоо технологиясы, топуракка отургузуу ыкмалары жана вирустардын түрлөрү боюнча теориялык окуу өткөрүлдү. Катышуучулар активдүү суроолорду беришип, алынган маалыматтардын абдан пайдалуу жана практикалык мааниси бар экендигин баса белгилешти.
- Практикалык демонстрация: 6-майда эксперт фермер Абраимов Афтандилдин талаасында "Коломбо" (Супер-супер элита) сортунун үрөнүн эгүүнү жеке өзү көрсөтүп, катышуучуларга кеңеш берип, өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүштү.
Демонстрациянын соңунда эксперт Чоң-Алай аймагында картошка өстүрүү боюнча өзүнүн байкоолорун жана сунуштарын талкуулады. Бул фермерлерге эл аралык адистен жекече кеңештерди алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.