
"Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элиталык сортторун өстүрүү тажрыйбасы" боюнча талаа күнү
024-жылдын 22-август күнү Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында "Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элита сортторун өстүрүү тажрыйбасы" темасында талаа күнү болуп өттү. Долбоордун алкагында үрөндүк картошка өндүрүүдө жеке көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу" болуп саналат.

2024-жылдын 22-август күнү Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында "Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элита сортторун өстүрүү тажрыйбасы" темасында талаа күнү болуп өттү. Долбоордун алкагында үрөндүк картошка өндүрүүдө жеке көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу" болуп саналат. Иш-чара алкагында долбоордун жыйынтыктарын көрсөтүү жана сапаттуу үрөндүк картошка өндүрүүнүн артыкчылыктарын жайылтуу болду. Талаа күнүнө KFW - Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү, өнөктөш уюмдар, райондук администрациянын өкүлдөрү, "Жар-Башы" кооперативинин мүчөлөрү катышты. Талаа күнү "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана KFW - Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.