ru
/
en
/
ky
  Айыл чарбасынын келечеги ушул жерде! Кыргызстандык фермерлер Өзбекстандын тамчылатып сугаруу тажрыйбасын кантип өздөштүрүүдө
Айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы чечимдерди издеп, 2025-жылдын апрель айында TES-борборунун адистери жана "Жар-Башы" айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү Өзбекстандын Анжиян облусунда маанилүү иш сапарда болушту. Тажрыйба алмашуунун максаты заманбап агротехнологияларды, өзгөчө тамчылатып сугаруу системасын колдонууда флагман болуп саналган "Вахт Имкон Ривождун" фермердик чарбасынын тажрыйбасын үйрөнүү болду. Биздин делегацияны аянты менен таң калтырган "Вахт Имкон Ривождун

Айыл чарбасынын келечеги ушул жерде! Кыргызстандык фермерлер Өзбекстандын тамчылатып сугаруу тажрыйбасын кантип өздөштүрүүдө

Айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн алдыңкы чечимдерди издеп, 2025-жылдын апрель айында TES-борборунун адистери жана "Жар-Башы" айыл чарба кооперативинин мүчөлөрү Өзбекстандын Анжиян облусунда маанилүү иш сапарда болушту. Тажрыйба алмашуунун максаты заманбап агротехнологияларды, өзгөчө тамчылатып сугаруу системасын колдонууда флагман болуп саналган "Вахт Имкон Ривождун" фермердик чарбасынын тажрыйбасын үйрөнүү болду.

Биздин делегацияны аянты менен таң калтырган "Вахт Имкон Ривождун" чарбасына барышты: 2000 гектар жер, анын 1000 гектары тамчылатып сугаруу аркылуу ар кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн активдүү колдонулат.

Биздин адистер бул система пахта жана буудай талааларында кандай иштеп жатканын жакындан таанышып. Арыктын суусун чыпкалоо үчүн бассейндин ишине өзгөчө көңүл бурулду, ал жерден тазаланган суу талааларга атайын шлангдар аркылуу таратылат.

Тамчылатып сугаруунун артыкчылыктары:

  • Сууну пайдаланууну эки эсеге кыскартуу: бул климаттын өзгөрүшү жана суу ресурстарынын жетишсиздиги шартында өтө маанилүү;
  • Өсүмдүктү туура суугаруу, эрозияны алдын алуу, оптималдуу нымдуулукту сактоо жана топурактын структурасын жакшыртуу;
  • Минералдык жер семирткичтерди керектөөнү азайтуу: аш болумдуу заттар өсүмдүктүн тамырына түз жеткирилет, бул жоготууларды азайтат;
  • Эмгек чыгымдарын азайтуу: кол менен сугаруунун кереги жок, бул ресурстарды бошотот.

Визит абдан жемиштүү болду. Өзбек чарбасынын талааларында "Жар-Башы" АЧКасы өстүргөн картошканын үрөндөрүн тестирлөө мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Андан тышкары, тажрыйба алмашууну улантуу максатында "Араван Агросервис" АЧКа уюштуруп жаткан Талаа күнүнө "Вахт Имкон Ривождун" чарбасынын директору жана агроному чакырылган.

Жыйынтыгында мындан аркы кызматташуу тууралуу макулдашууга жетишилди: Кыргызстандын кооперативдеринин мүчөлөрү тамчылатып сугаруу жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотуу маселелери боюнча консультацияларды алуу үчүн кайрыла алышат, бул өзгөчө "Жар-Башы"АЧК үчүн актуалдуу.

Бул тажрыйба алмашуу инновациялык чечимдерди киргизүүгө жана фермерлерибиз үчүн жаңы горизонтторду ачуу менен Кыргызстанда айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга карай маанилүү кадам болуп калды!