ru
/
en
/
ky
  Бүргөндү товардык-сервистик айыл чарба кооперативи (ТСАЧК) – Кыргызстандын алдыңкы, үлгүлүү айыл чарба кооперативи!
🌱 Бүргөндү ТСАЧКасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Бул кооператив эрте бышуучу болгар калемпирин өндүрүүгө адистешкен дыйкандардын ийгиликтүү бирикмеси. Кооперативдин 103 мүчөсү бар, алар бирдиктүү стандарттагы, жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүшөт. Жыл сайын кооператив 120 га жерден 1500 тоннага жакын эрте бышуучу болгар калемпирин Россияга экспорттойт. Кооператив фермерлерге үрөн тандоодон баштап, продукцияны сатууга чейин комплекстүү кызматтарды көрсөтөт. 2024-жылы коо

Бүргөндү товардык-сервистик айыл чарба кооперативи (ТСАЧК) – Кыргызстандын алдыңкы, үлгүлүү айыл чарба кооперативи!

🌱 Бүргөндү ТСАЧКасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Бул кооператив эрте бышуучу болгар калемпирин өндүрүүгө адистешкен дыйкандардын ийгиликтүү бирикмеси.

Кооперативдин 103 мүчөсү бар, алар бирдиктүү стандарттагы, жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүшөт. Жыл сайын кооператив 120 га жерден 1500 тоннага жакын эрте бышуучу болгар калемпирин Россияга экспорттойт.

Кооператив фермерлерге үрөн тандоодон баштап, продукцияны сатууга чейин комплекстүү кызматтарды көрсөтөт. 2024-жылы кооперативдин мүчөлөрү башка дыйкандарга салыштырмалуу 1 га жерден 350 000 сомго чейин көбүрөөк киреше табышкан.

🌱 Учурда кооператив жашылча көчөттөрүн өндүрүп, ачык талаага отургузуу иштерин жүргүзүүдө.

Бүргөндү ТСАЧКанын ийгилиги - бул Кыргызстандагы башка кооперативдер үчүн мыкты үлгү жана заманбап технологияларды колдонуу менен дыйкандардын биргелешкен эмгегинин натыйжасы.