

Араванда эрте бышуучу картошканын жаңы сорттору сыноодо!
"Үрөндүк картошканын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Араван районунун дыйкандарына комплекстүү кызмат көрсөтүү максатында жаңы сорттор сыноого коюлду.
Араван району эрте жашылча өндүрүүгө эң ыңгайлуу аймак болгондуктан, дыйкандарды сапаттуу эрте бышуучу картошканын үрөндөрү менен камсыз кылуу аркылуу түшүмдү жогорулатып, фермерлердин кирешесин көбөйтүү максатында, эки жаңы сорт "Камелия", "Коломба" сыноого коюлду.
🎯 Сыноо ийгиликтүү өтүүсү үчүн көп жылдык тажрыйбасы бар фермер Умаров Сайфиддиндин талаасында жүргүзүлүүдө. Учурда демонстрациялык талааларда картошканын өнүп чыгуусу жакшы. Сыноонун жыйынтыгы тууралуу маалымат менен май айында бөлүшөбүз.
✨️ Дыйканчылыктагы акыркы жаңылыктардан жана жетишкендиктерден биринчилерден болуп кабардар болуш үчүн биздин баракчага катталыңыздар!
Биз өзгөрүү үчүн окутабыз❗️