ru
/
en
/
ky
  БУУӨПтун "Соодага көмөктөшүү" долбоору Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында аарычылык кооперативдерин түзүүнү колдойт!
Балчыларды бириктирүү чоң артыкчылыктарды берет:  - Сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бал өндүрүү - Чарбага инвентарды дүңүнөн сатып алуунун эсебинен балдын өздүк наркын төмөндөтүү - Кирешени жана бизнестин туруктуулугун жогорулатуу - Сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана ири экспортерлор менен кызматташуу. Көрүнүктүү мисалдардын бири - Ош облусундагы "Бал Recover" кооперативи, анда 50 балчынын башын бириктирген БУУӨП тарабынан конкурстук негизде гранттык колдоо алуу менен заманбап ыкмалард

БУУӨПтун "Соодага көмөктөшүү" долбоору Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында аарычылык кооперативдерин түзүүнү колдойт!

Балчыларды бириктирүү чоң артыкчылыктарды берет: 

- Сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бал өндүрүү

- Чарбага инвентарды дүңүнөн сатып алуунун эсебинен балдын өздүк наркын төмөндөтүү

- Кирешени жана бизнестин туруктуулугун жогорулатуу

- Сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана ири экспортерлор менен кызматташуу.

Көрүнүктүү мисалдардын бири - Ош облусундагы "Бал Recover" кооперативи, анда 50 балчынын башын бириктирген БУУӨП тарабынан конкурстук негизде гранттык колдоо алуу менен заманбап ыкмаларды киргизип жатышат. Ушундан улам, алар эки эне аары чыгаруу ыкмасын жакшыртуу жана бал чогултуунун көлөмүн көбөйтүү менен эки эне аарысы бар аары булөсүн  киргизишти.

Күчтөрдү бириктирүү менен биз аарычылыкты туруктуу, кирешелүү жана ийгиликтүү кылабыз!