

TES-борбору Ысык-Көл облусунун сүт секторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт!
Ысык-Көл облусунун сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында TES-борбору саан уйларга жана сапаттуу үрөндөргө насыя алган фермерлер үчүн тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү агротехникасы боюнча тренингдерди өткөрдү.
Ак-Суу районунун Чолпон айылынын дыйкандары сертификацияланган үрөнгө бөлүнгөн каражаттардын бир бөлүгүн пайдалануу максатында арпанын "Аталык" сортунун биринчи репродукциясынан 35 тонна сатып алышты. Бул тоют базасын жакшыртууга жана 140 га жерге 29 дыйкан – ГЗПМГЕ таандык арпанын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Демилге аталган региондун сүт секторун комплекстүү өнүктүрүүгө, анын ичинде малдын породаларын жакшыртууга жана фермерлерди сапаттуу тоют өстүрүү үчүн билим жана ресурстар менен камсыз кылууга багытталган, бул чарбалардын продуктуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.