

Араван – Кыргызстанда эрте бышуучу жашылчанын алдыңкы өндүрүүчүсү! 🚀 📍Араван районунда бул сезондо биринчилерден болуп эрте бышкан пекин капустасы сатыкка чыкты! Бул Араван районунун уникалдуу климатынын жана биздин агроном адистердин жергиликтүү, тажрыйбалуу дыйкандар менен биргеликте күз мезгилинен бери жүргүзгөн үзүрлүү эмгегинин натыйжасы. 📍Учурда Аравандын пекин капустасы Россияга 1 кг 50 сомдон экспорттолуп жатат! 💰 Бул ийгилик райондо эрте бышуучу негизги үч жашылча – капуста, болгар калемпири жана помидор өсүмдүктөрүн өстүрүүдөгү тыгыз кызматташуунун аркасында мүмкүн болду. 🥬🌶🍅 💸 Мындан тышкары, сатуу мезгилинде жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, райондун экономикасына маанилүү салым кошулууда. ✨ Айта кетчү нерсе, Араван районунда тамчылатып 💧сугаруу системасы кеңири колдонулуп, жердин асылдуулугу сакталып, суу ресурстары үнөмдүү пайдаланылууда. ♻ Бул жашыл экономиканын принциптерине толук шайкеш келет!