ru
/
en
/
ky
  Үрөндүк картошка талааны текшерүү боюнча Нидерланды эксперттин миссиясы
2024 -жылдын 16-19-июлуна чейин "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда картошканын үрөндүк талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперттин миссиясы болуп өттү. Иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык-окуу уюштурулду.

2024 -жылдын 16-19-июлуна чейин "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда картошканын үрөндүк талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперттин миссиясы болуп өттү. Иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык-окуу уюштурулду. Окуунун катышуучуларынын арасында КР Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо департаментинин райондук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү болду. Аталган окууга Өзбекстан Республикасынын жашылча-жемиш өсүмдүктөрү жана картошка боюнча илимий-изилдөө институтунун эксперттери катышты. Алгачкы жолугушууда келечектеги иш-чаралардын пландары жана долбоордун алкагындагы биргелешкен иштин күтүлүүчү натыйжалары талкууланды. Эл аралык эксперттер менен кызматташуу жана алдыңкы тажрыйбаны колдонуу Кыргыз Республикасында үрөндүк материалдын ийгиликтүү экспорттук потенциалы үчүн сапатты контролдоо жана сертификациялоо системасын түзүүгө жардам берет. "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоору Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана KFW -Германия өнүктүрүү банкы тарабынан биргелешип каржыланат.