ru
/
en
/
ky
Жаңылыктар
Бүргөндү товардык-сервистик айыл чарба кооперативи (ТСАЧК) – Кыргызстандын алдыңкы, үлгүлүү айыл чарба кооперативи!
🌱 Бүргөндү ТСАЧКасы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашкан. Бул кооператив эрте бышуучу болгар калемпирин өндүрүүгө адистешкен дыйкандардын ийгиликтүү бирикмеси. Кооперативдин 103 мүчөсү бар, алар бирдиктүү стандарттагы, жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүшөт. Жыл сайын кооператив 120 га жерден 1500 тоннага жакын эрте бышуучу болгар калемпирин Россияга экспорттойт. Кооператив фермерлерге үрөн тандоодон баштап, продукцияны сатууга чейин комплекстүү кызматтарды көрсөтөт. 2024-жылы коо
Жогорку түшүм убагында аткарылган сапаттуу жумуштардан башталат!
TES-борборунун агрономдору жер-жерлердеги фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантууда. Бул жолу биздин адистер Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат, Айдарбек жана Эрктүү айылдарында топурактын даярдалышына жана кант кызылчасынын себилишине кылдат баа беришти. Биздин агрономдор фермерлердин жоопкерчилигинин жогорку деңгээлин белгилешти жана максималдуу түшүм алуу үчүн төмөнкү сунуштарды беришти: 2,5–3 см тереңдикте компакторду колдонуу - бул үрөндөрдүн бирдей өнүп чыгышы үчүн оптималду
Чүй облусунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө!
Чүй облусунда жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Күздүк буудай себүүдө жерди айдабай түз себүү технологиясын колдонгон фермерлер буудайдын стимулдаштыруу үчүн азоттук жер семирткичтерди берип жана отоо чөптөргө каршы гербициддерди өз убагында чачып жатышат. TES-Борборунун адистери фермерлерге жеринде кеңеш берип жана агротехникалык рекомендациялардын сакталышын көзөмөлдөө аркылуу аларга активдүү колдоо көрсөтүүдө.
Араванда эрте бышуучу картошканын жаңы сорттору сыноодо!
"Үрөндүк картошканын кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Араван районунун дыйкандарына комплекстүү кызмат көрсөтүү максатында жаңы сорттор сыноого коюлду. Араван району эрте жашылча өндүрүүгө эң ыңгайлуу аймак болгондуктан, дыйкандарды сапаттуу эрте бышуучу картошканын үрөндөрү менен камсыз кылуу аркылуу түшүмдү жогорулатып, фермерлердин кирешесин көбөйтүү максатында, эки жаңы сорт "Камелия", "Коломба" сыноого коюлду. 🎯 Сыноо ийгиликтүү өтүүсү үчүн көп жылдык тажрыйбасы бар
Араван – Кыргызстанда эрте бышуучу жашылчанын алдыңкы өндүрүүчүсү! 🚀
📍Араван районунда бул сезондо биринчилерден болуп эрте бышкан пекин капустасы сатыкка чыкты! Бул Араван районунун уникалдуу климатынын жана биздин агроном адистердин жергиликтүү, тажрыйбалуу дыйкандар менен биргеликте күз мезгилинен бери жүргүзгөн үзүрлүү эмгегинин натыйжасы. 📍Учурда Аравандын пекин капустасы Россияга 1 кг 50 сомдон экспорттолуп жатат! 💰 Бул ийгилик райондо эрте бышуучу негизги үч жашылча – капуста, болгар калемпири жана помидор өсүмдүктөрүн өстүрүүдөгү тыгыз кызматташуунун
БУУӨПтун "Соодага көмөктөшүү" долбоору Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында аарычылык кооперативдерин түзүүнү колдойт!
Балчыларды бириктирүү чоң артыкчылыктарды берет:  - Сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бал өндүрүү - Чарбага инвентарды дүңүнөн сатып алуунун эсебинен балдын өздүк наркын төмөндөтүү - Кирешени жана бизнестин туруктуулугун жогорулатуу - Сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана ири экспортерлор менен кызматташуу. Көрүнүктүү мисалдардын бири - Ош облусундагы "Бал Recover" кооперативи, анда 50 балчынын башын бириктирген БУУӨП тарабынан конкурстук негизде гранттык колдоо алуу менен заманбап ыкмалард
TES-борбору Ысык-Көл облусунун сүт секторун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт!
Ысык-Көл облусунун сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоордун алкагында TES-борбору саан уйларга жана сапаттуу үрөндөргө насыя алган фермерлер үчүн тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү агротехникасы боюнча тренингдерди өткөрдү. Ак-Суу районунун Чолпон айылынын дыйкандары сертификацияланган үрөнгө бөлүнгөн каражаттардын бир бөлүгүн пайдалануу максатында арпанын "Аталык" сортунун биринчи репродукциясынан 35 тонна сатып алышты. Бул тоют базасын жакшыртууга жана 140 га жерге 29 д
Араван – Кыргызстанда эрте бышуучу жашылчанын алдыңкы өндүрүүчүсү! 🚀
Араван – Кыргызстанда эрте бышуучу жашылчанын алдыңкы өндүрүүчүсү! 🚀 📍Араван районунда бул сезондо биринчилерден болуп эрте бышкан пекин капустасы сатыкка чыкты! Бул Араван районунун уникалдуу климатынын жана биздин агроном адистердин жергиликтүү, тажрыйбалуу дыйкандар менен биргеликте күз мезгилинен бери жүргүзгөн үзүрлүү эмгегинин натыйжасы.
БУУӨПтүн "Соодага көмөктөшүү" долбоору балчылык боюнча кооперативдерге колдооо көрсөтүп жатат.
БУУӨПтүн "Соодага көмөктөшүү" долбоору балчылык боюнча кооперативдерге колдооо көрсөтүп жатат. Аарычылык кооперативин түзүү – бул ар бир жеке балчы үчүн да, бүтүндөй тармактын өсүшү үчүн да эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр! Кооперативге биригүү бал бизнеси үчүн зарыл болгон препараттарды жана шаймандарды түздөн-түз жана арзан баада дүңүнөн сатып алууга шарт түзөт, бул өндүрүштүн өздүк наркын кыйла төмөндөтөт
БУУӨПтүн «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында бал экспортеруна заманбап бал гомогенизатору тапшырылды
БУУӨПтүн Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун алкагында бал экспортеру, Жеке ишкер Галиевге заманбап бал гомогенизатору тапшырылды. Бул грант жөн гана жабдуу эмес, кыргыз бал бизнесинин келечегине салынган инвестиция.
БУУнун "Соодага көмөктөшүү"долбоорунун алкагында балды экспорттогон балчылар үчүн окуу болуп өттү.
БУУнун "Соодага көмөктөшүү"долбоорунун алкагында балды экспорттогон балчылар үчүн окуу болуп өттү. TES- борборунун Бишкектеги кеңсесинде бал продукциясын кайра иштетүүчүлөр жана экспорттоочулар үчүн тренинг болуп өттү. "Дары-Тянь-Шань", "Шень-Жень - Новый шелковый путь", "Бал Кинг", "Нур-Бал" ЖЧК, Жеке ишкер Галиев – тышкы рынокторго чыгуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Беш фермердик чарба гранттык колдоо алышты.
Беш фермердик чарба гранттык колдоо алышты. TES- окутуу жана кеңеш берүү борбору USAIDдин «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен биргеликте сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сүт секторун өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашырууда.
Ысык-Көл облусунун Түп районунда дыйкандар күнү эң активдүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бир аянтта чогултту!
Ысык-Көл облусунун Түп районунда дыйкандар күнү эң активдүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бир аянтта чогултту! "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу "долбоорунун алкагында фермерлер жаңы технологияларды өздөштүрүштү жана өз продукциясынын сапатын жакшыртышты. Фермерлер өткөрүлгөн тренингдин баалуулугун белгилешти жана долбоорго, тренерлерге жана кеңешчилерге ыраазычылыктарын билдиришти.
Эл аралык айыл аялдары күнү
15-октябрда биз Эл аралык айыл аялдары күнүн белгилеп, алардын туруктуу өнүгүүгө жана азык-түлүк коопсуздугуна кошкон салымын баса белгилейбиз. Жылдан-жылга балчылык менен алектенген айымдардын саны кобойуудо. Бул жерде аялдар өзгөрүүлөрдүн лидерлери жана гендердик теңчиликтин символдору болууда.
KGFRAS АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨЛӨРҮНҮН КЕЗЕКТЕГИ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ БОЛУП ӨТТҮ
Айыл чарба консультациялык кызматтарынын Кыргызстандагы форуму» (KGFRAS) 2020-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө 30 уюм мүчө болуп катталган. Жыл сайын уюмдун мүчөлөрү жолугуп, аткарылган иштер, алдыдагы пландар жана Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлердин көйгөйлөрүн чечүү, климаттын өзгөрүүсүнө айыл чарбасын ылайыкташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу иш чарасы өткөрүлүп келет.
Улуттук тегерек стол!
“TES-борбору” коомдук фонду жана БУУнун өнүктүрүү программасынын “Борбордук Азияда соодага көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган “Табигый балдын кошумча нарк чынжырчасын бекемдөө” компонентин ишке ашырууда. Долбоордун алкагында 7-октябрь күнү Бишкек шаарында “Балдын сапатын жакшыртуу аркылуу Кыргыз Республикасында балдын экспорттук потенциалын жогорулатуу” темасында улуттук тегерек стол уюштурулган.
"Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элиталык сортторун өстүрүү тажрыйбасы" боюнча талаа күнү
024-жылдын 22-август күнү Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылында "Чоң-Алай районунда картошканын Супер-элита сортторун өстүрүү тажрыйбасы" темасында талаа күнү болуп өттү. Долбоордун алкагында үрөндүк картошка өндүрүүдө жеке көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу" болуп саналат.
Үрөндүк картошка талааны текшерүү боюнча Нидерланды эксперттин миссиясы
2024 -жылдын 16-19-июлуна чейин "Кошумча нарк чынжырын Агрофинансылоо" долбоорунун алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районунда картошканын үрөндүк талаа инспекциясы боюнча Нидерландыдан келген эксперттин миссиясы болуп өттү. Иш сапардын максаты жергиликтүү талаа инспекторлорун даярдоо боюнча практикалык-окуу уюштурулду.