Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда пияз өстүрүүнүн өстүрүү боюнча көрсөтмө талаа күнү.

3-июнунда Арал айылында пиязды өстүрүү боюнча талаа күнү болуп өттү. Анын максаты бардык катышуучуларды пиязды механизациялаштырылган ыкма жана өстүрүү технологиясы менен тааныштыруу болду.

Белгилүү болгондой, Арал, Достук жана Бүргөндү айылдарында пияз өстүрүү боюнча талаа иштери негизинен кол менен жүргүзүлөт, ал эми пияз өндүрүүчүлөр атайын техниканын жетишсиздиги бар экендигин билдиришет, аларды колдонуу өндүрүмдүүлүктү жана эмгек натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатат. Туруктуу пияз чынжырчасын куруу максатында, долбоордун алкагында эки комплект айыл чарба техникалары сатылып алынды.

Ошентип, пияз өндүрүүчүлөр МТС провайдерлеринин кызматынан пайдаланып, эгин өстүрүү үчүн чыгымдарды азайтууга сонун мүмкүнчүлүк алышты, ошону менен продукциянын өздүк наркын төмөндөтүп, убакытты үнөмдөштү. Ноокен районунда пияз өндүрүүнүн механизациялаштырылган ыкмасын өркүндөтүү дыйкандардын кирешесин кыйла көбөйтүп, алардын үй чарбаларынын каржылык туруктуулугун камсыз кылаары белгилүү.

Бул иш-чара “Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit GmbH (GIZ) “Аймактарды көмплекстүү өнүктүрүү” программасы  алкагында  TES борбору, Арал Элим Барсынбы жана МКА Агро Кредит Плюс менен биргеликте  аткарылып жаткан ” Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда пияз өндүрүүнүн туруктуу иштөөчү кошумча нарк чынжырчасын түзүү ” долбоорунун алкагында өткөрүлду. Бул долбоор Европа Биримдиги (ЕU) жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин (BMZ) тарабынан биргеликте каржыланган.