GIZ

Натыйжалуу чечимдер

Биз туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында эл аралык кызматташуу чөйрөсүндө кызмат көрсөтөбүз. Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH Германия эл аралык кызматташуу коомунун көп багыттар, анын ичинде экономикалык өнүктүрүү жана жумушка жайгаштыруу, энергетика жана курчап турган чөйрө, ошондой эле тынчтык жана коопсуздук боюнча 50 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Биздин федералдык компаниянын көп тараптуу кесипкөй тажрыйбасы бүткүл дүйнө боюнча суроо-талапка ээ – биз Германиянын өкмөтүнө, Европалык биримдиктин (ЕБ) институттарына, Бириккен Улуттар Уюмуна жана башка өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кызмат көрсөтөбүз. Биздин негизги буйрутмачыбыз Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) болуп саналат, ошондой эле биз өнүктүрүү саясаты менен тышкы экономикалык ишмердиктин ортосунда өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө көмөктөшө жеке сектор менен тыгыз иштешебиз. Бардык буйрутмачылар саясий, социалдык жана экономикалык өзгөрүүлөр үчүн идеяларды өнүктүрүүдө, конкреттүү пландарды түзүүдө жана өзгөрүүлөрдүн каралган процесстерин ишке ашырууда GIZге ишенишет. Анткени биз коомго багытталган федералдык компания болуп саналабыз, өзүбүздүн ишибизде Германиянын жана Европанын коомдук түзүлүшүнүн баалуулуктарын жетекчиликке алабыз. Бул бизге адамдардын ишеничине ээ болгон ишенимдүү кызмат көрсөтүүчү болууга мүмкүндүк берет. Башка өнөктөштөр менен бирдикте биз адамдарга кыйла кең келечекти, алардын турмуш шарттарын туруктуу негизде жакшыртууну сунуш кылган ийкемдүү жана натыйжалуу чечимдерди көрсөтөбүз. GIZдин аткаруучу органдарынын жайгашкан жери – Бонн жана Эшборн шаарлары. 2014-жылы компаниянын операцияларынын көлөмү эки миллиард евродон ашты. Дүйнө жүзү боюнча иштеген GIZдин кызматкерлеринин саны 16 410 кишини түзөт, алардын 70 пайызы 130дан ашык өлкөдө иштеген улуттук кадрлар. Таанылган жөнөтүүчү уюм катарында азыркы учурда өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча биздин 785 адис өнөктөш өлкөлөрдө иштешет. Мындан сырткары GIZдин катышуусу менен өзүн жумушчу коомчулугу катары көрсөткөн CIM эл аралык миграция борбору жана Эмгек боюнча Германиянын федералдык ведомствосу чет өлкөдөгү жергиликтүү жумуш берүүчүлөргө 2014-жылы 1000ге жакын интеграциялашкан жана кайтып келишкен эксперттерди тандап алууда финансылык колдоо жана консультациялык кызмат көрсөтүү менен жардам беришти.

Өнүгүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү Кыргызстан Германиянын өнүгүү жаатында өнөктөшмамлекети болуп саналат. GIZ 1990-жылдардын башынан тарта барынан мурда Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин тапшырмасы менен мурдагы советтик республикаларда долбоорлорду ишке ашырып келет. Андан башка да тапшырык ээлери болуп Федералдык тышкы иштер министрлиги, Федералдык ички иштер министрлиги, Федералдык экономика жана технологиялар министрлиги жана Европалык биримдик эсептелет. Биз ошондой эле Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүн камтыган аймактык долбоорлорду ишке ашырабыз, алардын көбү Кыргызстандан башкарылат. 1992-жылдан бери Бишкекте GIZдин өкүлчүлүгү орун алып, ал ушул өлкөдөгү уюмдун ишмердүүлүгүн координациялайт жана Борбордук Азиядагы уюмдун көптөгөн аймактык долбоорлору үчүн жоопкерчилик тартат. Азыркы учурда Кыргызстанда GIZдин ар кыл долбоорлорунда 218 кызматкер иштешет, алардын 46сы чет өлкөлүк адистер. Мындан тышкары өнөктөш мекемелерде, башкача айтканда министрликтер менен алдыңкы уюмдардын деңгээлинде интеграциялашкан эксперттер тартылган. 2013-жылдын аягынан тарта өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча адистер жергиликтүү жана регионалдык өнөктөш уюмдарда консультация берип келишүүдө.

GIZ Кыргызстанда

Өнүгүүгө натыйжалуу көмөк көрсөтүү Кыргызстан Германиянын өнүгүү жаатында өнөктөшмамлекети болуп саналат. GIZ 1990-жылдардын башынан тарта барынан мурда Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлигинин тапшырмасы менен мурдагы советтик республикаларда долбоорлорду ишке ашырып келет. Андан башка да тапшырык ээлери болуп Федералдык тышкы иштер министрлиги, Федералдык ички иштер министрлиги, Федералдык экономика жана технологиялар министрлиги жана Европалык биримдик эсептелет.

Биз ошондой эле Борбордук Азиянын бир нече өлкөлөрүн камтыган аймактык долбоорлорду ишке ашырабыз, алардын көбү Кыргызстандан башкарылат. 1992-жылдан бери Бишкекте GIZдин өкүлчүлүгү орун алып, ал ушул өлкөдөгү уюмдун ишмердүүлүгүн координациялайт жана Борбордук Азиядагы уюмдун көптөгөн аймактык долбоорлору үчүн жоопкерчилик тартат.

Азыркы учурда Кыргызстанда GIZдин ар кыл долбоорлорунда 218 кызматкер иштешет, алардын 46сы чет өлкөлүк адистер. Мындан тышкары өнөктөш мекемелерде, башкача айтканда министрликтер менен алдыңкы уюмдардын деңгээлинде интеграциялашкан эксперттер тартылган. 2013-жылдын аягынан тарта өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча адистер жергиликтүү жана регионалдык өнөктөш уюмдарда консультация берип келишүүдө.

Артыкчылыктар жана иш-чаралар GIZ Кыргызстанда ишмердигин Кыргызстандын «Туруктуу экономикалык өнүктүрүү» жана «Саламаттыкты сактоо» артыкчылыктуу багыттары боюнча Tуруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык жүргүзөт жана кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча бул алкактан да чыга алат. Жардылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн өнүктүрүү улуттук стратегиясынын максаты биринчи кезекте экономикалык туруктуулук, түзүмдүк реформаларды тездетүү жана карыз милдеттенмелерди азайтуу болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу энелерге жана ооруга чалдыгуу коркунучу өтө жогору ымыркайларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Биз ошондой эле толук жана туруктуу өлчөмдө баңгизаттарга каршы аракеттенүүдө өлкөнүн потенциалын бекемдөөгө колдоо көрсөтөбүз.Биз жеке секторду өнүктүрүүгө, регионалдык жана эл аралык соодага жана минералдык ресурстар жаатында консалтингге тоскоолдуктарды азайтууга өбөлгө түзүү менен кошумча салым кошобуз. Биз мектепте билим берүүнүн деңгээлин, кесиптик билим берүүнүн реформасын жана башкаруучу кадрларды даярдоону жакшыртууга көмөктөшөбүз. Биздин ишмердик ошондой эле укук жана сот реформасын, суу ресурстарын башкаруу боюнча трансчегаралык диалогду, жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу жана климаттын өзгөрүшүнө көндүм алдыруу аркылуу жашоо шарттарын жакшыртууну камтыйт. Биз начар өнүккөн жана чыр-чатактуу региондордогу жаштарды колдойбуз, алар өздөрүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуусу үчүн жардам беребиз. Ошондой эле Жарандык коомду колдоо фонду аркылуу өнүктүрүүнү көздөгөн жарандык коомдун уюмдарына көмөк көрсөтүлөт. Биз мындан сырткары немис азчылыгынын кызыкчылыктарын колдоого катышабыз. Жогоруда көрсөтүлгөн ишмердиктер менен тең катар көрсөтүлгөн багыттарда биз жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошобуз.GIZ Кыргызстанда