
“Соодага көмөктөшүү” программасы
Балчылык чөйрөсүндө ийгиликтүү иш алып баруунун бирден-бир жолу туура жана сапаты жакшы жабдууларды колдонуу. Аарыкечтикте эң негизги шаймандардын бири бул аарыларга жасалган балчелектер. Балчелектер атайын кургатылган карагайдан жасалып, жыгачтын сапатына өзгөчө көнүл бурулат. Бал челектин желдетүүчү тешикчелери, аарылар кирүүчү тилкеси, көлөму, капкагы жана сырткы боектору аарынын биологиялык өзгөчөлүктөрүнө жагымдуу шарт түзүүсү зарыл.
TES борбору Ош жана Жалал-Абад облусунун аарыкечтерине атайын түзүлгөн кайтарымдуу фонддун негизинде 370 даана балчелек таркатты. Балчелекти алган аарыкечтер атайын критерийлердин негизинде таңдалып, жыл боюу теориялык жана практикалык кеңештерди алышууда.
Аталган долбоор БУУнун Онуктуруу Программасынын “Соодага көмөктөшүү” программасы тарабынан каржыланып TES борбору жана МКА «Агрокредит Плюс» тарабынан аткарылууда.