Чоң Алай районунда бал боюнча талаа күнү

Чоң Алай районунун Жаш-Тилек айылында: “Сезондун аягында бир жолку бал чогултуу ыкмалары жана бал чогултуу учурунда санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо” деген темада талаа күнү болуп өттү. Иш-чарага балчылар, “Чоң Алай Балы” кооперативи, жайыт комитети, кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты. Бул иш-чара Хельветас Бай Алай программасынын алкагында ” Алай жана Чоң-Алай райондорунда башталгыч балчыларды колдоо максатында КНЧ Бал өндүрүүдө түзүү ” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.